• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2024-2029-жылдарга карата инвестициялык саясатты өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты

Экономика 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2024-2029-жылдарга карата инвестициялык саясатты өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыкты. Ал узак мөөнөттүү документ. Бул тууралуу агенттиктин директору Талантбек Иманов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, документте айыл чарбасын өнүктүрүүгө, энергетика секторуна жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына, өнөр жайга, туризмге, тоо-кен тармагына, маалыматтык технологиялар секторуна, инновацияларга жана инфраструктураны модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат.

“Стратегиянын долбоору инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган чаралардын комплексин карайт, алардын арасында — инвесторлор үчүн укуктук коргоону жана бирдей шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык чечимдерди кабыл алуу процесстеринин ачык-айкындыгы жана инвесторлордун укуктарын коргоону камтыйт.

Бул стратегияны ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык өсүшү жана өнүгүшү үчүн туруктуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эл аралык аренада анын позициясын бекемдейт жана калктын жашоо турмушунун жогорку деңгээлине жетишүүгө өбөлгө түзөт.

Биргелешкен аракеттер менен биз мамлекет башчысы тарабынан коюлган стратегиялык максаттарды жана милдеттерди натыйжалуу жана ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзө алабыз деп ишенем”, - деди Талантбек Иманов.

Пикир

Оставить комментарий