• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кийинки жылы Кыргызстанда 500 км канал оңдолуп, 100 км канал жаңы курулат

Экономика 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. 2024-жылы Кыргызстанда ирригация тутумун жакшыртууга 2,2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан II Элдик курултайдын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, бул каражаттын 1 млрд сомуна 500 чакырым каналдар оңдолот.

"Ошондой эле анын ичинен 367 млн сомго жаңы техникалар сатып алынып, 483 млн сомго 100 чакырым жаңы каналдарды курууну пландап жатабыз. Ошентип, жалпысынан 600 чакырым каналдарды жаңыртабыз деп турабыз. Жылына 1 миң км канал куруу боюнча президенттин тапшырмасы бар", - деди ал.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий