• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ибраев: Электр энергиясын Бишкек ЖЭБинде өндүргөнгө караганда, импорттогон арзанырак болот

Экономика 0

Бишкек, 13.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 1 млрд 800 млн кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

“Биз биринчи, техникалык жагын, экинчи, экономикалык жагын карайбыз. Экономикалык жагын алсак, биздин көмүр менен электр энергиясын Бишкек ЖЭБинде өндүргөнгө караганда, чет өлкөдөн импорттогон арзанырак болот”, - дейт ал.

Министр учурда Кыргызстанда ГЭСтер 15 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрсө, 16 млрд 200 млн кВт саат электр энергиясын колдонуп жатканын белгилеп кетти.

Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан чет өлкөлөрдөн канча электр энергиясын импорттоп жатканын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий