• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда дыйкандарга түшүм жыйноого арзан баада 5 миң тонна күйүүчү май бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 13.06.22./Кабар/. Кыргызстанда дыйкандарга түшүм жыйноого арзан баада 5 миң тонна күйүүчү май бөлүндү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө токтомго кол коюлуп, баалар белгиленди.

«Дыйкандар үчүн күйүүчү май учурда май куюучу жайларда сатылып жаткандан 10% арзандатылып сатылат. Балким, 1-2 сом айырма болот», - деди министр.

Ал кошумчалагандай, аталган иш Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен биргеликте жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий