• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымат

Экономика 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, долбоорду ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1 миң 243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады.

Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1 миң 243 тирөөч орнотулду жана 287,45 чакырым (63%) зымдар тартылды.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий