• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы комбинацияланган дарылардын мыйзамсыз ташылып келүүсүн аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келинген товарлар менен бажы операцияларына мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында МТБнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан бажы эрежелерин бузуу аныкталган.

"Э.Б.К." ЖЧКнын дарегине БАЭден дары-дармек каражаттары катары декларацияланган, ошону менен бажы алымдарынан мыйзамсыз бошотулган комбинацияланган дары-дармек каражаттары (БАКтар) келгени аныкталган.

Ошентип, төлөнбөгөн импорттук бажы алымынын суммасы 1 млн 179 миң 552 сомду түздү.

Аталган факты тиешелүү органда каттоого алынып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий