• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Эртең, 21-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бейшембиде саат 9:00дөн 15:00гө чейин Ч.Айтматов проспектиси, 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6, Тыналиев көчөсү, 139/3, Т.Океев көчөсү ,39/3, 39/4 даректеринде суу болбойт.

Суу аэропорт суу топтомо жайында жана шаардык суу түтүгү тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий