• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министрлиги айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырат.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 20-22-сентябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайынан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий