• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 9 айда 8,3 миңден ашуун кылмыш жана жорук катталган

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясында 2021-жылдын 9 айындагы ыкчам кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, облус аймагында милиция кызматкерлеринин аткарган жумуштарын караган ыкчам кеңешмени облустук милициянын башчысы Ашим Тагаев жетектеп, ОИИБдин бөлүм жана кызмат башчылары, ШРИИБдердин жетекчилери жана орун басарлары, аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчылары катышты.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев кеңешменин катышуучуларына кызмат учурунда кетирилген кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу талабын койду. Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатууда ар бир кызматкер чын дилден кызмат өтөп, сервистик тейлөөнү жакшыртууга, заман талабына жараша ыкчамдык менен калыс чечимдерди кабыл алууга чакырды. ШРИИБдердин жетекчилерин жергиликтүү бийлик жана ишкерлер менен тыгыз кызматташууга, өздүк курамга мыкты шарт түзүүгө үндөп, бул багытта Таш-Көмүр ШИИБдин аткарган жумуштары жакшы экендигин айтып өттү.

КР президентинин жарлыктарын, Ички иштер министрлигинин талаптарын, жүктөлгөн милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу керектигин белгиледи. Аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн ишин жандандырып, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү менен бирге жергиликтүү тургундарга үлгү болуп, тыкан жана таза кийинүүгө чакырды. Калк арасында профилактикалык иштерди күчөтүп, кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын алдын алууда тынымсыз аракетте болуу зарылдыгын айтты. Ошондой алдыдагы шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө, шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу фактылары катталган учурда калыстык менен ыкчам чечимдерди кабыл алууга чакырып, милиция кызматкерлеринин агитация жумуштарына аралашуусуна тыюу салынарын катуу эскертти.

Ыкчам кеңешмеде коюлган меселелер каралып, 9 ай аралыгында аткарылган жумуштар жана алдыдагы иштер талкууга алынды. Кеңешменин курамы тарабынан аткарылган жумуштар канааттандырарлык деп табылып, бети ачылбай калган кылмыштардын үстүнөн иштөө, кызмат учурунда кетирилген кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу талабы коюлду.

Белгилей кетсек 2021-жылдын 9 ай аралыгында Жалал-Абад облусунун аймагында КЖБРге жалпы 8300дөн ашуун кылмыш жана жоруктар катталган. Катталган кылмыш иштеринин бетин ачуу пайызы 65,2%ды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1,2%га жогорулаган. Ал эми жорук иштери боюнча катталган фактылардын ачылуу көрсөткүчү 87,6%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий