• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тайгакта жайкы дөңгөлөктөрдүн токтоо мүмкүнчүлүгү эки эсе аз болот - ЖКККББ

Коом 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Тайгакта жайкы дөңгөлөктүн токтоо мүнкүнчүлүгү эки эсе аз болот. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызгидромет борбору жакынкы аралыкта өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.

"Бирок, кээ бир айдоочулар жылдын суук мезгилинде жайкы дөңгөлөк менен жүрө берүү болот деген пикирде. Бул жаңылыштык! Адатта жаан аралаш кар баскан учурлар, аба ырайынын температурасынын күн сайын өзгөрүүсү жокко чыгарылбайт, ошондуктан жайкы дөңгөлөктөрдү алмаштырууну туура эмес көргөн жеңил ойлуу айдоочулар табигый кубулуштардын аркасынан кырсыкка учурап калышы мүмкүн. Жайкы дөңгөлөктөр суук аба ырайында коркунуч туудурат, алар тез токтоо сапатын жогото баштайт. Катуу суукка дөңгөлөк тоңуп калат", - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилегендей, дөнгөлөктү өз убагында алмаштыруу айдоочуга жол ар кандай кырдаалды бекем сактоого мүмкүндүк берип, авариялык абалдан сактайт, демек жол кыймылында катышуучулардын өмүрүн жана ден-соолуктарын сактап калат.

ИИМ ЖКККББ тайгакта жайкы дөнгөлөктүн токтоо мүнкүнчүлүгү эки эсе аз болоорун эскертип, кышкы дөңгөлөктөрдү күн мурун алмаштырууну, автоунаанын техникалык абалын текшерүүнү, жүрүп бара жатканда болушунча этияттык жана сак болууну, ылдамдыкты сактоону, коопсуз аралыкты жана маневр жасоо эрежелерин сактоону өтүнөт.

Өзүңөрдүн милдетиңизди так аткарып, башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүн жана ден соолугун сактаңыз!

Пикир

Оставить комментарий