• 88.68
  • 95
  • 0.95

БШК Жогорку Кеңештин эки депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Керезбеков Канат Керезбекович жана “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан депутат Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиргендей, БШК депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арыздардын негизинде депутаттардын ыйгарым укуктарын токтотту.

Жогорку Кеңештин депутаттардын күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.

Белгиленгендей, депутаттык мандат бош калгандыгына байланыштуу БШК Исмаилов Нурбек Сапарбековичти «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таануу чечимин кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий