• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ташиев: Биздин коомубузду эч кандай "Раимдер" башкарбайт

Коом 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Биздин коомубузду эч кандай "Раимдер" башкарбайт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев брифингде билдирди.

Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Раим Матраимовду бир жылдан бери көрө электигин айтты.

"Менин бир тууган агам каза болгондо телефон чалып, көңүл айткан. Ал коомдо чоң резонанс жараткан адам катары коррупциялык иштерге байланыштуу деп айтылып жүрөт. Биздин коомубузду эч кандай Матраимовдор, "Раимдер" башкарбайт. Акыйкаттуулук орнойт", - деп, ал коом коррупционерлерден тазаланарын билдирди.

Эске сала кетсек, Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп бүгүн, 16-октябрда дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий