• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарым жылда балдардын “ишеним телефонуна” 1,6 миң чалуу түшкөн

Коом 0


Бишкек, 17-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Балдардын ишеним телефону” борборунун жарым жылдык ишинде 111 номерине 1 миң 599 чыныгы чалуу түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу “Балдардын ишеним телефону” борборунун директру Марина Жапаркулова билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен балдардан 370 чалуу же 23,2%, чоңдордон 1 миң 299 же 76,8% кайрылуу түшкөн. “Күнүнө 500-600 чалуу түшөт, алардын ичинен аз сандагысы чындыгында жардамга муктаж. Алсак, 2017-жылдын 4 айында жалпысынан 64 миң 705 телефон чалуу болсо, алардын 608 чыныгы чалуу болуп, балдардан – 155 кайрылуу же 25,5%, чоңдордон 453 же 74,5% түшкөн. 361 кайрылуу боюнча кеңештер жана сунуштар берилип, 111 номерине чалган психикалык оорулуу 88 абонентке телефон аркылуу психологиялык кеңеш берилген, 159 кайрылуу мүнөзүнө байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнө багытталды”, -деп билдирди ал.

Ошондой эле, М.Жапаркулова көбүнчө психикалык оорулуулар, үй-бүлө мамилелери, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, бала тарбиялоо, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилелери боюнча кайрылышарын белгиледи.

Кыргызстанда балдардын ишеним телефону 2015-жылы сентябрда “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун, Балдарды зордук-зомбулуктан коргоо Жарандык форумунун демилгеси менен КР Өкмөтүнүн, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана ЮНИСЕФтин колдоосунда ачылган.

“Балдардын ишеним телефону” борборунун негизги милдети абонненттерге телефон аркылуу экстрендик консультативдик-психологиялык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Бүгүнкү күнү балдар жана өспүрүмдөрдүн ишеним телефону жеткиликтүү, квалификациялуу экстрендик псизологиялык жардам алуунун ыкмасы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий