• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулайт

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда бардык жарандар үчүн санариптик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруу 2024-жылдын 30-апрелине чейин улантылат.

Анын алкагында жаран ар кандай мобилдик тиркемелер же капчыктар аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жана "Түндүк" мобилдик тиркемесинде бар санариптик документтерди оңой жана ыңгайлуу ала алат. Эскерте кетсек, "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жалпы 40 кызмат жеткиликтүү.

"Бул маанилүү кадам биздин жарандар үчүн санариптик кызматтарга жетүүнү жеңилдетүүгө жана алдыңкы технологияларды колдонуу менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жаңы ыкмаларды киргизүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Өз мобилдик тиркемесинде онлайн-режимде кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жарандар булутка негизделген электрондук кол тамганы алуусу зарыл. Булутка негизделген электрондук кол тамга өлкө боюнча бардык калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) берилет.

Пикир

Оставить комментарий