• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Эл артисти Марат Алышпаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде КР эл артисти, театр корифейи, залкар талант Марат Алышпаев өзү иштеп келген Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында узатылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-маданий ишмерлер, туугандары жана кесиптештери катышты.

Марат Алышпаев 1947-жылы Ысык-көл облусунун Жети- Өгүз районуна караштуу Саруу айылында жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктап, ошол эле жылы өзү окуган курсу менен бирге С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрын түптөшкөн. 27 жашында Ч.Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Момун чалдын образын жаратуу менен театр маданиятына өзүнүн чыйырын сала алган. Бул чыгарма ошол учурда эң алгачкы жолу сахнага коюлган. 27 жаштагы жигиттин Момун чалды алып чыкканы театр сынчылары, чеберлери тарабынан алкоого алынган.

Кийинчерээк Н. Гоголдун чыгармаларындагы баш каарманды, андан кийин Шекспирдин Гамлетин ойногон. 33 жашында Ричард IIIтү ойноп, күйөрмандарынын жүрөгүн багындырган. Кийин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке келип, улуттук театрдын репертуарындагы Ч.Айтматов “Чыңгызхандын ак булуту” спектаклинде Чыңгызхандын, К.Сактанов, Т.Касымбековдун “Курманжандатка” спектаклинде Алымбек датканын, Ф.Дюрренматт “Картаң айымдын келиши” спектаклинде Альфред Иллдин У.Шекспирдин “Макбет” спектаклинде Дункан падышанын, С.Раевдин “Исхак Раззаков” спектаклинде Раззаковдун жана башка көптөгөн спектаклдерде эң мыкты образдарды жаратып келген.

Марат Алышпаев чыгармачылык менен катар жетекчилик кызматты да бирдей аркалап келген. Ал Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук комедиялык театрдын директору жана көркөм жетекчиси, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында директорлук кызматтарын аркалаган.

Театр маданияты менен катар эле кыргыз кино искусствосунун өнүгүүсүнө да зор салымын кошкон. 1987 –жылы “Приют для совершеннолетних”, 1992-жылы “Шайтандын мөөрү”, 2003-жылы “Кара кыз”, 2012-2013-жылдары “Президент жана бомж”, “Президент жана бомж 2”, 2016-жылы “Атанын керези”, 2021-жылы “Акыркы көч” тасмаларында кайталангыс образдарды жараткан.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр корифейи, залкар талант Марат Алышпаев 2022-жылдын 4-апрелинде 75 жашында дүйнө салган.

Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Пикир

Оставить комментарий