• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү сквердин салынышына тоскоол болгон акыркы объект буздурулду

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бишкектин Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде сквердин салынышына тоскоол болгон капиталдык имарат – "Эки дос" тез татым пункту өз ыктыяры менен демонтаждалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Капиталдык имараттын жалпы аянты 163 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде сквер пайда болот. Гүлбакча борбор калааны көрктөндүрүү жана жашыл аймактардын санын көбөйтүү максатында курулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий