• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

6-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 06.09.23./Кабар/. Кыргызгидромет борбору 6-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстан боюнча жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21...+26, Талас облусунда +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл, Нарын облустарында +20...+25 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +24...+26 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий