• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 65 жогорку окуу жай бар. Аларда 169 миң студент билим алат

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда 65 жогорку окуу жай бар. Аларда 169 миң студент билим алат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов билдирди.

Анын айтымында, 65 жогорку окуу жайдын ичинде 32си мамлекеттик болсо, калган 33 окуу жай – жеке окуу жайлар. "Аларда дээрлик 14 миң окутуучу иштеп, 169 миң студент билим алат. Ал эми өлкө боюнча колледждердин саны 148ди түзөт: 114 - мамлекеттик, 34 - жеке колледж. Аларда 91 миң студент билим алат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий