• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог – Согуштун ардагери, Ленинград блокадачысы Анна Кутанова каза болду

Коом 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Улуу Жеңишти көргөн акыркы күбөлөр кетип жатышат.

Кыргыз Республикасынын коомчулугу жана жарандык коому орду толгус жоготууга учурады.

2022-жылдын 8-майында 92 жаш курагында Кыргызстандагы Ленинград блокадасы коомунун төрайымы Кутанова Анна Алексеевна каза болду.

Кутанова Анна Алексеевна 1930-жылы 18-январда Ленинград шаарында туулган. 11 жашында Невадагы курчоодо калган шаарда курбуларынын отрядын жетектеп, сигналчы катары штабга отчетторду жеткирип, чатырларда кызмат өтөгөн. Күйгүзүүчү бомбаларды өчүрүп, оорулууларга жана балдарга кам көргөн. Ошондой эле чептерди курууга да катышкан.

Ал 13 жашында ленинграддыктардын ичинен биринчилерден болуп «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган.

Кутанова Анна Алексеевна Ленинград шаарындагы Василеостровский районундагы № 24 орто мектепти аяктаган. Вознесенский атындагы Финансы-экономикалык институтуна тапшырып, анын бүтүргөн соң, Кыргыз Республикасына иштөөгө жөнөтүлгөн.

Бул жерде Анна Алексеевна бир нече жыл Финансы министрлигинде иштеп, андан кийин Финансы-кредит техникумуна которулган. Ал жерде 38 жыл мугалим болуп эмгектенип, пенсияга чыккан.

Анын Ленинград блокадасынын, согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодогу жигердүү коомдук иши, анын маанилүүлүгүн түшүнгөн камкор мекендештеринин татыктуу урмат-сыйына ээ болгон.

Кутанова Анна Алексеевна ар кандай медалдар жана ордендер менен сыйланган. Алардын арасында «Даңк» ордени, «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу», «Мекендин баатырларынын элесине», «Жуков» медалдары жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке байланыштуу эстелик сыйлыктары бар.

Анна Алексеевнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына КР министрлер кабинетинин жана КР президентинин администрациясынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ушул оор жана кайгылуу саатта биз сиздер менен орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөбүз.

Анна Алексеевна Кутанованын жаркын элеси биздин эсибизде жана жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

С.С. Касмамбетов, К.К. Ташиев, Э.Ж. Байсалов, Б.Э. Торобаев, Ж.М. Кулубаев, Б.А. Бекболотов, А.Б. Баетов, Н.О. Ниязбеков, Т.О. Иманов, К.Б. Базарбаев, А.Б. Бейшеналиев, А.С. Бейшеналиев, А.К. Жаманкулов, Э.М. Абдыкадыров, Б.Э. Ажикеев, А.К. Эргешов, М.К. Укушов, А.Н. Исанов, А.Дж. Джунушалиев, А.Э. Эркебаев, Ч.Т. Баекова, Э.Ш. Кызаев.

Пикир

Оставить комментарий