• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында өзгөчө оор кылмышка шектелип, мурда тергөө органдарынан жашырынып жана 2022-жылдын 30-апрелинен бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү З.у.Т. бүгүн, 9-майда Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды.

Маалым болгондой, кармалган жаран жергиликтүү элди коркутуп-үркүтүү максатында өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп Жалал-Абад облусунун М.К.М. аттуу тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий