• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР эл артисти Александра Марусич каза болду - некролог

Коом 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. 2024-жылдын 20-февралында 72 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын таланттуу актрисасы Марусич Александра Евгеньевна узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Александра Марусич 1952-жылдын 2-мартында РСФСРдин Свердлов облусунун Реж шаарында туулган. 1977-жылы Свердлов театр окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин Н. Крупская атындагы Орус драма театрында иштей баштаган.

КР эл артисти Александра Марусич 46 жылдан ашык убакыт аралыгында Орус драма театрында эмгектенген. Бул жылдар аралыгында ал талантынын бардык кырларын ачкан көптөгөн терең, көрүнүктүү, унутулгус ролдорду ойноду. Ал кереметтүү, кайталангыс актриса гана эмес, ошондой эле укмуштуудай кең пейил, боорукер, кандай учурда болбосун жардам берүүгө даяр инсан болгон.

Александра Евгеньевнанын репертуардык баракчасында заманбап жана классикалык драматургиянын 50дөн ашык ролу бар. Анын катышуусу менен өткөн спектаклдер ар дайым коомчулук арасында зор ийгиликке ээ болуп келген. Александра Марусич жогорку класстагы актриса катары Кыргызстанда гана эмес, анын чегинен тышкары жерлерде да белгилүү. Ал өзүнүн таланты менен классикалык болуп калган көптөгөн образдарды байытты.

Ал чыгармачыл жана актердук чеберчилиги, жогорку деңгээлде берилип иштөөгө умтулуусу менен кесибин гана эмес, театрды да сүйүүгө үйрөнгөн жаш актерлорго жакшы үлгү көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын президенти С.Н. Жапаровдун 2021-жылдын 30-декабрындагы № 584 Жарлыгына ылайык Александра Евгеньевна Марусичке “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамы ыйгарылган.

Орус театрына өмүрүн арнап, маданият жана искусство тармагына зор салым кошкон Александра Марусич кыргыз элинин, кесиптештеринин, театр сүйүүчүлөрүнүн, замандаштарынын, туугандарынын жана досторунун эсинде түбөлүккө калат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун оор кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков, Э.Ж. Осконбаев, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Төрөбаев, Э.Ж. Байсалов, С.Ш. Жээнбеков, Р.И. Отунбаева, Дж.К. Исаева, Н.А. Азыгалиев, Н.О. Сыдыгалиев, А.С. Кадыралиев, Ч. Абыкеев А.А. Максутов, Т.М. Ажымалиев, А.Ф. Зульхарнеев, С.В. Бардаков, Т.Т. Казаков, А.А.Өзүбеков, Б.Ч. Куланбаев, Н.Дж. Абдыкадыров, Н.А. Асанбеков, А. Абдыкалыков, Садык Шер-Нияз, С.Г. Суслова, С.А. Раев, Ж.О. Кулмамбетов, А.А. Текешов, Л.М. Любомудрова, А.К. Адали, К.Ы. Турапов, К.А. Осмонов, Т.А. Чокиев, М.А. Бектеналиев, Т.М. Слащева ж.б.

Пикир

Оставить комментарий