• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Коомдук ишмер: Мурдагы президенттер жасаган иштери үчүн жоопкерчиликти сезиши керек

Коом 0

Бишкек, 19.02.23. /Кабар/. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстанды эл аралык оор кырдаалда сактап калуу үчүн колдон келген күч-аракетин жумшап жатат. Мындай пикирин коомдук ишмер Михаил Халитов "Кабар" агенттигине Садыр Жапаровдун өлкөнүн мурдагы журт башчылары менен жолугушуусуна комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, жоопкерчиликтүү саясатчылар "элиталар" ортосундагы "кастык" мамиле мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч алып келерин жана мындан бир гана карапайым калк жапа чегерин түшүнүшү керек.

"Президент Садыр Жапаров мүмкүн болуучу коркунучтардын алдын алуу үчүн маанилүү кадамдарды жасады. Албетте, мурдагы президенттер буга чейин жасаган жана учурда жасап жаткан иштери жоопкерчиликти сезиши керек. Мен алар аны түшүнүштү го деген ойдомун. Азыр кландар аралык бөлүнүү же тирешүүнүн учуру эмес. Учурдагы эл аралык шартта өлкө ичиндеги туруктуулук маанилүү болуп саналат", - деди Халитов.

Пикир

Оставить комментарий