Кыргыз сотуна 96 жыл

Коом 0


Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Кыргыз соту өз ишмердигин баштаган расмий күн 1924-жылдын 30-ноябры болуп эсептелет. Анткени, дал ушул жылы кыргыз элинин биринчи улуттук автономиясы – Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлүп, алгачкы облустук уюм-мекемелер, анын ичинде облустук сот да түптөлө баштаган.

Алгачкы облустук соттун төрагасы — Лев Авербург болгон.

Облустук соттун курамына пленум, президиум жана кылмыш, жарандык, тартип иштерин кароочу коллегиялар кирген.

Кыргыз АССРинин кайра түзүлгөн Башкы сотунун төрагалыгына Иманбек Текеев шайланган.

1930-жылдын сентябрында Кыргызстандын аймагы 24 административдик районго бөлүнгөн.

Ушуга байланыштуу республикада 24 райондук сот жана Фрунзе шаарында элдик соттун 2 участкасы уюштурулган.

Судьяларды саясий жактан репрессиялоо ырааттуу мүнөздө жүргүзүлгөн.

Адилет сот ишинин эң эле чынчыл жана өз ишин так аткарган кызматкерлери репрессиянын курмандыктары болушкан.

Репрессияга кабылгандардын катарында өлкөнүн жогорку сот органына түрдүү мезгилдерде жетекчилик кылышкан төмөнкү адамдар болушкан:

  1. Авербург Лев Александрович (1924-1925);
  2. Текеев Иманбек (1927);
  3. Кулумбаев Курманалы (1927-1928);
  4. Айдарбеков Иманалы (1928-1929);
  5. Цимдин Ян Алексеевич (1929-1931);
  6. Фахритдинов (1932);
  7. Абдраимов Абдыкадыр (1931);
  8. Орозбакиев Коенбай (1932);
  9. Сегизбаев Санжар Бактыбаевич (1937);
  10. Дүйшөналиев Садвакас Жалкеченович (1938-1940)

Согуштун алгачкы жылдарында Кыргызстанда эл сотторунун 76 участкасы, 5 облустук сот жана Жогорку сот иш жүргүзгөн.

1960-жылы өлкөнүн сот түзүлүшү жөнүндөгү өз мыйзамы кабыл алынып, ал тарабынан кыргыз сотунун кесиптик ишмердигинин негизги принциптери тастыкталган.

Эгемендикке ээ болгондон кийин сот өндүрүшүндө, сот түзүлүшүндө процесстик жана материалдык мыйзам жаатында орчундуу өзгөрүүлөр орун алды.

Соттордун 11-съезди өтүп, аларда сот тутуму үчүн маанилүү маселелер чечилди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотун 2018-жылдан бери Гүлбара Калиева жетектеп келет.

Эки жыл аралыгында сот системасын санариптештирүү иштери колго алынып, автоматташтырылган маалымат системасы ишке кирди.

Иштерди автоматтык бөлүштүрүү, сот залдарындагы аудио жана видео жаздыруу системалары орнотулду.

Жергиликтүү бийлик органдары менен байланыштар бекемделип, жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташтык жөнгө салынды.

Адилет үйлөрүн куруу, соттордун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатат.

Жүрүп жаткан реформалардын түпкү максаты өлкөдө адилеттүү жана таза сот-укуктук системаны куруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий