• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Каныкей табылды

Коом 0

Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Каныкей табылды, - деп билдирет Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, 30-июлда дайынсыз болуп жаткан Каныкей Жакшыбаеванын ата-энеси ошол эле күнү болжол менен саат 04:00дө кызы Жалал-Абад облусундагы үйүнө келгендигин кабарлашкан.

Белгилей кетсек, Ленин райондук милициясына 29-июлда И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 25-июлда саат 17:00дөр чамасында 13 жаштагы тууганы Каныкей Жакшыбаева Жалал-Абад облусундагы үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.

Ошондой эле издөө иштеринин жүрүшүндө Каныкей Жакшыбаева 26-июлда Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү мейманкананын эки күндүн жашоосун төлөп, 27-июлда саат 14:30да ал жерден чыккан бойдон белгисиз болуп жаткандыгы аныкталган.

Учурда милиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Пикир

Оставить комментарий