• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ өкүлдөрү түрк полициянын санариптешүү жаатындагы жетишкендиктери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү түрк кесиптештеринин полициянын ишмердигине санариптештирүүнү киргизүү жаатындагы жетишкендиктери менен таанышты. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 21-апрелинде ИИМдин делегациясы Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Сталбек Рахманов, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын начальниги Жеңиш Жоробеков, Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов жана Маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын башкармалык начальниги Максат Сыдыгалиев полициянын ишине санариптештирүүнү киргизүү жаатындагы түрк кесиптештеринин жетишкендиктери менен таанышышты.

Тажрыйба алмашуу иш сапарынын алкагында кыргыз делегациясы Маалыматтык технологиялар башкы дирекциясына барып, анда Түркиянын полициясы тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда колдонулган алдыңкы технологиялар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, КР ИИМдин өкүлдөрү Кибер кылмыштарга каршы күрөшүү департаментинин дирекциясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, анын жүрүшүндө тараптар тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө кызматташуу, ошондой эле Түркиянын полиция академиясынын базасында ИИМдин кызматкерлерин окутуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле делегация Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен бирге Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин башкы аянтына тургузулган Айкөл Манастын эстелигине барышты.

Иш сапардын алкагында КР ИИМдин делегациясынын мүчөлөрү Түркия ИИМдин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Анын ичинде Жандармериянын Башкы командачылыгы, Коопсуздук башкармалыгынын Калкты каттоо жана жарандык иштер боюнча Башкы дирекциялары, Мобилдик борбор (Коопсуз шаар системасы).

Пикир

Оставить комментарий