• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги № 72 мектеп-гимназиясынын жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Абдыкерим Сыдыков атындагы № 72 мектеп-гимназиясынын жаңы кошумча окуу корпусунун курулушу бүткөрүлүп жана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, жаңы мектеп 2 окуу блоктон турат, анын жалпы аянты 1640,8 чарчы метрин түзүп, долбоордук кубаттуулугу 225 окуучу орунга эсептелген.

Андан сырткары, мектепте толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон химия, физика жана информатика класстары жабдылган жана окуу эмеректери камтылган.

Белгилей кетсек, аталган объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушу 2019-жылы башталган, анын сметалык наркы 38 млн 476 миң 500 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий