• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 18 аталыштагы китеп басылып чыкты

Коом 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында 18 аталыштагы китептерди басып чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8 миң 409 нускада басылып чыккан китептин 7 аталыштагысы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектеп жана калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Китептерддин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Билим берүү академиясынын, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынды.

Китептер тиешелүү окуу жайлара бөлүштүрүлүп, азыркы тапта аймактарга жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий