• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча сот: Бишкек шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш каралды.

Шаардык сот райондук соттун А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 43-берененин 2-бөлүгү, 312-берененин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле аны мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо каралган.

Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева 304-берененин 4-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 5 млн сом айыппул салынган. Ошондой эле аны бардык мамлекеттик сыйлыктардан, мамлекеттик кеңешчи чининен, “ардактуу юрист” наамынан ажыратуу каралган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы директору Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, кылмыштын эскирүү мөөнөтү өткөндүктөн өкүм күчүнө
киргенге чейин ал үй камагына чыгарылган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөлүү деп табылып, ал 2 жылга эркинен ажыратылган. Аталган мөөнөт ал тергөөгө алынган учурдан баштап саналып, ал мезгил өтөлдү деп эсептелип, Качкыналиевди сот залынан чыгыруу каралган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий