• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Интернет аркылуу баңгизат саткан схемага бөгөт коюлду

Укук тартиби 0


Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Баңгизаттарды интернет аркылуу жайылтуу схемасына бөгөт коюлду, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери менен биргеликте кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда интернет тармактары аркылуу баңгизаттарды сатуу боюнча туруктуу каналы аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 22-ноябрында болжол менен саат 05:45тер чамасында Бишкек шаарынын 7-Апрель көчөсүндөгү Ботаникалык бакчасына жакын жайгашкан каналдын жээгинде, термопакеттерге 1 граммдан салынган психотроптук затты алып жаткан учурда 1991-жылы туулган А.Б. аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну кармалып, ал барсеткасындагы 15 даана термопакеттерди өз ыктыяры менен тапшырып берген.

Алынган психотроптук заттар салынган термопакеттер жашыруун жерге салуу үчүн дайындалган. Алдын ала тергөөнү өткөрүү учурунда аталган фигурант Бишкек шаарынын аймагында интернет дүкөндүн операторунун тапшырмасы боюнча психотроптук заттар салынган термопакеттерди жашыруун жерлерге салып, ал үчүн акчалай сыйлык алып турган. А.Б. аттуу жаран тергөө менен кызматташууну каалаганын билдирип, буга чейин психотроптук заттар салынган термопакеттерди жашыруун жерлерге салган даректерин көрсөтүп берген.

Андан ары А.Б. көрсөткөн даректерге милиция кызматкерлери барган учурда жашыруун жерлерге салынган даректерден психотроптук заттар салынган 40 термопакет алынган. Соттук-медициналык экспертизасынын корутундусу боюнча, алынган заттын салмагы 50 граммды түзүп, «мефедрон» жана «альфа п-в-п» заты болуп аныкталган.

Азыркы учурда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар болгон жарандарды аныктап, кармоо боюнча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий