• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы санариптик жол жана транспорт картасын иштеп чыгууда

Коом 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы менен биргеликте пилоттук долбоорлордун негизинде Бишкек шаарынын көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ошентип, жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу, аны оптималдаштыруу жана автотранспорттун агымынын трафигин көбөйтүү, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын азайтуу максатында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин транспорт агымдарына талдоо жүргүзүү, автотранспорттун агымы бар 3 өзүнчө моделди түзүү жана көйгөйлүү кесилиштерде жол кыймылын уюштуруу (жол кыймылын уюштуруу борборунун базасында моделдөө программаларынын жардамы менен) пландаштырылууда.

Ошондой эле шаардын санариптик жол жана транспорттук картасын иштеп чыгуу болжолдонууда, жогоруда көрсөтүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча изилденген участокто орун алган проблемаларды оптималдуу чечүү менен жол кыймылын уюштуруунун долбоорлорун андан ары ишке ашыруу жана өзгөртүүлөрдү жакшы жагына алып баруу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий