• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфондго 2023-жыл ичинде 10 миңге жакын кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2023-жылдын январь-декабрь айларында 9 миң 599 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:
• жазуу түрүндө кайрылуулар – 472;
• ооз эки кайрылуулар – 1136;
• КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 139 жаран;
• ишеним телефондор аркылуу – 5201;
• уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2651.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:
• пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
• мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
• пенсияларды индексациялоо тууралуу;
• пенсияга укугу боюнча;
• пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
• пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
• пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
• КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий