• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришинде тоскоолдук жараткан курулуштар алынууда

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришинде тоскоолдук жараткан курулуштар алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Күн мурун Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов МАБ, шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Москва көчөсүндөгү №100 үйдүн короосун кыдырып, жеринде атайын техника короого кире бериштеги мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Курулуштарды алуунун максаты - оперативдүү кызматтардын, тез жардамдын, өрт өчүрүүчүлөрдүн жана милиция кызматкерлеринин унааларынын короого тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү болуп саналат.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий