• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы лотереянын 1-этабынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыра баштады

Экономика 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 26-июндан 1-июлга чейинки өткөрүлгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырууну баштады.

Утуштар өткөрүлгөндөн кийин кылдат уюштуруу иштери жүргүзүлдү, анын ичине жеңүүчүлөрдүн лотереянын шарттарына ылайыктуулугун текшерген комиссиянын иши жана тизме бекитилгенден кийин 1132 адамга чалуу.

Сертификаттар август айынын ичинде берилет. Бишкектеги жеңүүчүлөр сертификаттарды Салык кызматынын борбордук аппаратынан, ал эми региондогулар тиешелүү аймактык салык органынан ала алышат.

Жеңүүчүлөрдүн акыркы тизмесине ылайык, 9 адам электромобилге, 2 адам Дубайга жолдомого (эки кишилик), 479 адам iPhone 14кө, 481и – смартфонго, 142си – ноутбукка жана 19у – Дайсон маркасындагы фенге сертификат алышат.

Белгилей кетсек, байгелер жеңүүчүлөргө сертификаттарды тапшыруу процесси аяктагандан кийин 3 айдын ичинде тапшырылат.

Эскерте кетсек, 25-30-декабрь күндөрү лотереянын экинчи этабы өткөрүлүп, Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Дайсон маркасындагы фен ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товарларды же кызматтарды сатып алуудан алынган кассалык чектерди сканерлөө керек.

Пикир

Оставить комментарий