• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте беш айлык баласы оор абалда болгон үй-бүлө каттоого алынды

Коом 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Бишкектин аймагында “Камкордук” аталышындагы профилактикалык рейд жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган рейддин максаты – өспүрүмдөр тарабынан укук бузууларды, оор турмуштук жагдайда калган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо болуп саналат.

Дайыма жүргүзүлүп турган ушундай иш-чаралар жакшы жыйынтык көрсөтөт. Анткени ар дайым көзөмөлдө тургандыктарын билген ата-энелер балдары үчүн жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылышат.

“Рейд учурунда өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекторлор тарабынан беш айлык баласы оор абалда болгон үй-бүлө аныкталган. Учурда ымыркай саламаттык сактоо ишканасынын кызматкерлерине берилген. Ата-энеси Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясында профилактика иштерин жүргүзүү үчүн каттоого алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө 8 оор абалда турган үй-бүлө аныкталып, анын ичинен төртөө каттоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий