• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштер уланууда

Саясат 0

Бишкек, 19.02.23./Кабар/. 2023-жылдын 12-18-февралында Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашты, ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө Графиги макулдашылды.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий