• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдардан көбүнчө ишкерлер жапа чегүүдө – Пономарев

Коом 0

Бишкек, 12.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргыз-казак көзөмөл-өткөрүү пунктундагы жагдайдан көбүнчөсү бизнес жаатында алектенгендер зыян тартышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында КРдин бизнес-ассоциация өкүлдөрү билдиришти.

Базар, соода жана тейлөө кызматтар ассоциациясынын президенти Сергей Пономаревдун айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө ишкерлерге келтирилген чыгымдарынын зыянын эсептөө кыйын, бирок жагдайдын мындан аркы улануусу бизнес үчүн зор зыян алып келиши мүмкүн.

“Бүгүнкү күндө келтирилген чыгымдар тууралуу так маалымат ала элекбиз. Бирок чек арада кезек күтүп турган оор жүк ташуучу унаалардын ичинде тез бузулуп кекетүүчү азык-түлүктөр бар экендигин жана алардын өз дарегине жеткиче жарымы бузулуп жараксыз абалга келе тургандыгын эске алышыбыз керек”,-деди ал.

Ошодуктан Кыргызстандын бизнес-ассоциация өкүлдөрү ишкерлерди бул кырдаалга сабырдуулук жана чыдамдуулук менен мамиле кылууга чакырат. Ал эми карапайым калк жана бизнес өкүлдөрү тарабынан нааразычылыктын болуусунан качуу максатында Кыргызстан менен Казакстандын бийлик өкүлдөрүн тез аранын ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий