• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте коомдук жайларда тазалык тартибин бузгандар менен күрөшүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Бишкекте коомдук жайларда тазалык тартибин бузгандар менен күрөшүү иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жолу шаар тургундары А.Ажымалиева, У.Гайбулдаева жана Ахунбаев 118, дарегинде жайгашкан «Эки дос» тез татым түйүнүнүн ээси таштандыны туура эмес жерге таштагандыгы аныкталды.

Тартип бузгандардын ар бирине жеринде 5 миң 500 сомдон айып салынып, протоколдор түзүлдү. Алардын айрымдары жоопкерчиликтен качып, жеке маалыматтарын берүүдөн баш тартышкан, маселе милиция кызматкерлеринин жардамы менен чечилген.

Ошондой эле инспекторлор Октябрь районундагы таштанды топтоо пункттарына эскертүүчү баннерлерди илип, тартип бузгандар менен күрөшүүнүн бардык ыкмаларын колдонууда.

Инспекция көрктөндүрүү эрежелери бузулган учурда күнөөсүн мойнуна алган, албаганына карабастан протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий