• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Крокус Сити Холлдогу” теракт. Москва аэропортторунда абал туруктуу – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Жалпысынан Москва аэропортторунда абал туруктуу. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин 1-катчысы Бакыт Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын 51 жараны өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгон. Алардын Кыргызстанга учуп келүүсүн «Аэрофлот» авиакомпаниясы тарабынан уюштурулган. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринин маалыматына ылайык, учурда аэропорттордо кыргызстандыктардын топтолуусу байкалган жок. Элчилик аэропорттордогу кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда, абал салыштырмалуу туруктуу.

"Россия тарап Борбор Азиядан же айрым мамлекеттерден келген жарандарды өз аймагына киргизбөө боюнча эч кандай расмий билдирүү тараткан жок. Ошондой эле биз жарандардын Россияга баруусуна тыюу сала албайбыз. Болгону жарандардан Россия күчөтүлгөн режимди алып салмайынча сапарга чыкпай туруусун өтүндүк. Бул режим качан алынары азырынча белгисиз”, - деди тышкы саясий ведомствонун өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий