• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте «Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт

Маданият 0


Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. 12-апрелде Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган "Жамийла" биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, «Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореографиялык, музыкалык жана вокалдык чыгармачылык айкалыштырган көркөм оюн.

Мюзикл 17-апрелге чейин сахнада коюлат.

  • Либреттонун автору жана коюучу-режиссёру - Виктор Фельд
  • Композитору- КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев
  • Ырларды жазган акын- Махаббат Молдалиева
  • Костюмдар боюнча художник-дизайнер-Дөөлөт Рысбаев
  • Хореографы- КР Эл артисти Анара Нургалиева
  • Хормейстери- КР Эл артисти Гульбара Маматова
  • Башкы сүрөтчүсү - Расул Кочкорбаев
  • Видео контент- Адан Алимбеков.

Белгилей кетсек, "Жамийла" чыгармасынын жаралганына быйыл 65 жыл толот.

Пикир

Оставить комментарий