• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Таласта жол кырсыгынан эки адам каза болду, жабыркагандар бар, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Талас районундагы Кызыл-Туу айылында “Хонда Акорд” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктан эки эркек киши каза болуп, 1992-жылы туулган бир жигит жабыркаган.

Жерине беш куткаруучу тартылып, каза болгондорду унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматкерлери ооруканага алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий