• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

РФ жарандыгын алган. Москвада кыргыз аял киши колдуу болуп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Россиянын Москва облусунун Дмитров шаарында кыргыз аял киши колдуу болуп каза болгон факты боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, каза болгон 1979-жылы туулган А.А.М. жана аны өлтүрүүгө шектелген 1978-жылы туулган Ч.М.А. түбү кыргызстандыктар жана Россия Федерациясынын жарандыгын алышкан.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өз компетенциясынын чегинде маркумдун жакындарына керектүү консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий