• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Mazda унаасынын айдоочусу “Тазалыктын” кызматкерин сүзүп, ал кырсык болгон жерде каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.12.21. /Кабар/. Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери унаа сүзүп каза болгонун Патрулдук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн саат 06:45те Жибек-Жолу проспектисинде Mazda үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусу Осмонкул көчөсүнө жетпей жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Каза болгон адам 47 жашта, ал алган жаракатынан улам тез жардам унаасында ооруканага жетпей каза болгон.

Материалдар иликтөө үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий