• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусу 1, Ош облусу 4, Жалал-Абад 3 өрт кырсыгы катталган

Бишкектин Октябрь районундагы Октябрь көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короосунда 250 чарчы метр нан бышыруучу жай толугу менен, ичинде 3 даана өндүрүштүк меш, 2 даана муздаткыч жана азык-түлүктөр, короодо “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен, эски бамперлер, дөңгөлөктөр жана 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Свердлов районуна караштуу Достоевский көчөсүндөгү “Качество” унаа оңдоочу жайдын стекловата менен жылууланган ички жасалгасы жана 3
даана станок, “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын фаралары, айнеги жана ошондой эле тышында 150 чарчы метр куураган чөп жана “Джип” үлгүсүндөгү автоунаанын багаж отсеги күйгөн. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыккан.

Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодск айылындагы көчөлөрдүн биринде жалпы аянты 30 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий