• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 80%ы COVID-19га каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева бүгүн брифинг учурунда билим берүү тармагындагы кызматкерлердин короновируска каршы эмделиши тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, эмдөө жана реалдуу убакытта окутуу боюнча жаңы окуу жылына даярдыктар жүрүп жатат.

“Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери 80%, мектеп мугалимдери 70-80%, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү 60% жана жогорку окуу жайларынын 54,5% мугалимдери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү. Айрым билим берүү мекемелеринде 100%га эмдөө жүргүзүлгөнүн белгилейм», - деп билдирди Гүлшан Абдылдаева.

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси кошумчалагандай, Билим берүү жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрликтери вирустук жугуштуу ооруларды эске алуу менен жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий