• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус: Жалал-Абадда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Коронавирус жуктуруп алгандардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталды, дене табынын көтөрүлүшү – 38 градус, кургак жөтөлү бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жугуштуу илдетти жуктуруп алган калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык.

Эске сала кетсек, 22-март саат 18:00гө карата коронавирус менен ооруган адамдардын саны – 14.

Алар: 6 эркек, 8 аял. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, карантинге алынды.

Пикир

Оставить комментарий