• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 38 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 377

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 12-апрель саат 08:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 38 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 377 кишиге жетти.

"Жаңы катталган 38 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 12, Ысык-Көл – 2 жана Нарын облусунда – 13 адам бар. Булардын бардыгы обсервацияда жаткандар, 25и аял, 13ү эркек", - деп баса белгиледи Каратаев.

Тастыкталган 377 учурдун ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 89
  • Ош облусунда – 119
  • Ош ш. – 54
  • Чүй облусунда – 21
  • Баткен облусунда – 4
  • Бишкек ш. – 59
  • Баткен облусунда – 4
  • Нарын облусунда – 25
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталган учурлардын ичинен: 201 –аял, 176 – эркек.

Пикир

Оставить комментарий