• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус жуккан 10 бейтаптын абалы туруктуу оор — министр Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуккан 10 бейтаптын абалы туруктуу оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде КР саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, азыркы учурда 201 адам станционарда жатат. "Анын ичинен 10 бейтаптын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бирок алар жасалма дем алдыруучу аппаратына кошулган эмес, кислород менен деп алып жатышат", - деп билдирди ал.

Министр кошумчалагандай, кечээ күнү 13 адам ооруканадан чыгарылган.

7-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 12 жаңы учур катталып, өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 228 кишиге жетти.

Коронавирус жуктуруп алган 228 учурдун ичинен Жалал-Абад облусунда – 80, Ош облусунда – 106, Баткен облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 3 жана Чүй облусунда – 30 учур бар.

Пикир

Оставить комментарий