• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө абалдын алынары же узартылары өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот – Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абалдын алынары же узартылары өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Маалымат жыйында ага өзгөчө абал качан алынышы мүмкүн, кандай божомолдоруңуз бар деген суроо узатылды.

Министр өзгөчө абалдын аякташына дагы 8 күн бар экенин, аны алуу же узартуу эпимдемиологиялык кырдаалга жараша болорун билдирди.

"Ал эпидемиологиялык абалга жараша болот. Анын негизинде республикалык штабга сунуш киргизебиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 228ге жетет. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыккан. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий