• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирусту орто курактагы 248 жаран жуктурду — статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Өлкөдө 27-апрелге карата коронавирусту жуктургандардын саны 695 адамга жетсе, илдеттен 395 жаран айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту 373 аял, 322 эркек жуктурган.

"COVID-19 илдетин 15 жашка чейинки 84 бала, анын ичинен 1 жашка чейинки 4 ымыркай, 16 жаштан 19 жашка чейин 19 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 191 жаран, 35 жаштан 55 жашка чейин 248 жаран, 55 жаштан жогору 153 жаран жуктурган", - дейт ал.

Үсөнбаев маалымдагандай, учурда 292 жаран стационарларда дарыланууда, алардын ичинен реанимацияда – 7. Сегиз адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий