• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күндүзгү стационар катары иштей турган өлкөдө биринчи жеке мобилдик госпиталь ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Күндүзгү стационар катары иштей турган өлкөдө биринчи жеке мобилдик госпиталь ачылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мобилдик госпиталь Аламүдүн районунун Ленин айылында Алма-Ата көчөсү менен объезд кесилишинде жайгашкан.

Бул мобилдик госпиталь Жарандык коргонуунун бардык стандарттарына туура келет. Аны жайылтуу Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин консультациялык жардамы боюнча жүзөгө ашырылат. Мобилдик госпиталь 50 орундук, 13 палатадан турат. Бул жакта дарыкана пункту да ачылган. Бул стационардын өзгөчөлүгү дары-дармектер, шприцтер, системалар, кычкылтек концентраттары, беткаптар, кол каптар, антисептиктер, таза суу, Wi-Fi ж. б. акысыз берилет.

«Бул госпиталь пенсионерлерге, жумушсуз калган жарандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, турмуштун оор кырдаалына кабылган жарандарга жардам берет. Ошондой эле дары алганга каражаты же дарыгерден кеңеш алууга мүмкүнчүлүгү жок үйүндө жаткандар. Дарыгерлер бардык керектүү каражаттар менен камсыз болушат: коргоочу костюмдар, респираторлор, коргоочу көз айнектер, кол каптар күнүгө берилет. Персоналды ысык тамак жана транспорт менен каржылайбыз. Айлык маяналар боюнча: дарыгерлерге – 30 000 сом, медайымдарга – 20 000 сом, санитардык кызматкерлерге – 15 000 сом төлөнүп берилет. Керек болгон учурда госпиталды бир күндүн ичинде республиканын каалаган регионуна көчүрүп баруу мүмкүн», - деп айтылат маалыматта.

Мобилдик стационарды «Альфа-Карго» ЖЧК, «Региональная экспресс доставка» ААК жана «SilkWay logistic» ЖЧК компанияларынын тобу ачып, анын башында башкы директору Адилет Кубанычбеков турат.

Пикир

Оставить комментарий